Батыш Россияга каршы салынган санкциялардын кесепетинен коркуп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШнын россиялык мунай компанияларына киргизген санкциялары Вашингтонго тескери натыйжа бериши мүмкүн. Бул тууралуу Financial Times жазды.
"Эгер мунайдын баасы кыйла көтөрүлсө, анда Россия санкциялардан улам тарткан чыгымынын ордун ошону менен толуктайт. Ал эми баа өтө эле жогорулап кетсе, анда россиялыктар утат. Америкалыктар менен биздин союздаштар утулат", — деген TWG Global инвестициялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Амос Хохштейн.
Адис ошондой эле мунай рыногундагы азыркы кырдаалда АКШ администрациясы күйүүчү майдын баасын ооздуктоого аргасыз болорун белгиледи. Бул президент Дональд Трамптын инфляция менен күрөшүү саясатынын ийгилигинин негизги көрсөткүчү болот.
Ошол эле маалда мунай өнөр жайы боюнча эксперт Скотт Шеффилддин айтымында, Ак үйдүн башчысы украин жаңжалынын тегерегиндеги кырдаалды курчутпоо үчүн "Томагавк" ракеталарын жеткирүүдөн баш тартып, анын ордуна Москва үчүн "азыраак кооптуу" чектөөлөрдү киргизүүнү тандап алды.
Шаршембиде АКШнын Каржы министрлиги "Роснефть", "Лукойл" жана бул компаниялардын 34 туунду ишканасын жаңы санкциялар пакетине киргизди. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, АКШнын жаңы санкциялары күчтүү иммунитети иштелип чыккан Россия үчүн эч кандай көйгөй жаратпайт.
Путин Трамптын Венгриядагы саммит боюнча айткандарына комментарий берди