БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүүдө тобокелдиктерди эске алууга чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Ташиевдин айтымында, бул тармакты өнүктүрүү бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеп, бюджетти түзүүнүн кошумча булагы болот. Бирок тармак үчүн укуктук базаны жана мыйзамдарды иштеп чыгууда улуттук кызыкчылык эске алынып, улуттук коопсуздукту камсыздоо кошо каралышы керек.
"Криптоактивдер акчаны легалдаштыруу, террорчулукту каржылоо, баңгизат сатуу жана башка мыйзамсыз иштер үчүн анонимдүү инструмент болуп саналат. Мыйзамсыз операциялар үчүн так укуктук негиздин жоктугу мындай кылмыштарды токтотууга тоскоолдук кылат", — деди Ташиев.
Ал ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликти Кылмыш кодексине киргизүү каралып жатканын айтты. Криптоактивдерди алмаштыруу, сатуу, тейлөө лицензиясыз жүргүзүлбөшү керектигин, санарип долбоорлорду даярдоодо анын түзүмүнө коопсуздук системасы кошо киргизилиши зарыл экенин кошумчалады.