Өлкөдө тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктар кымбатташы мүмкүн. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ден соолукка зыян товарларга акциздик салыкты көтөрүп, калктын ден соолугуна кам көрүүгө болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркинбек Чечейбаев Бишкекте өткөн жугуштуу эмес ооруларды алдын алууга арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, мындай чара жугушсуз оорулардан өлүм санын азайтуу максатында жасалып жатат.
"Жугуштуу эмес оорулардын түйшүгү толугу менен саламаттык сактоо системасына жүктөлүүдө. Аларды алдын алуу, чечүү жолдору саламаттыкты сактоодон тыш турат. Эң натыйжалуусу — тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктарды жеткиликсиз кылып, жаш балдар оңой эле барып сатып ала албагандай болушу керек. Акциздик салыкты көбөйтүп, финансылык жеткиликтүүлүктү азайтабыз. Ошондой эле, мисалы, алкоголь менен тамеки атайын дүкөндөрдө гана сатылышы зарыл", — деди Чечейбаев.
Министр бул багытта стратегия даяр болуп калганын кошумчалады.
Экономика жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, кийинки жылдын башында алкоголдук ичимдиктердин, тамеки каражаттарынын жана таттуу суусундуктардын баасы болжол менен 1,5-2 эсеге чейин жогорулашы мүмкүн.
Пресс-борбор
Тамактануу маданиятынын балдардагы кариеске таасири. Адистин түшүндүрмөсү