Элүү миң тонна арматура кетет. Өлкөдөгү эң чоң стадиондун курулушу видеодо

Бишкектин түштүк-батыш тарабында салынып жаткан өлкөдөгү эң ири футбол стадионунун курулуш ыргагын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги көрүп келди.
Sputnik
Учурда монолит жумуштары жарым-жартылай аяктап калган. Сегиз блоктон турган ири имараттын төрт блогу ушул айдын аягына чейин толугу менен куюлуп бүтөт. Калган жарымы ноябрдын аягына чейин аяктайт.
"Ушул күнгө чейин 180 миң куб бетон куюлуп, 30 миң тонна арматура колдонулду. Бетон жергиликтүү заводдордуку. Ал эми арматура толугу менен Россиядан келет. Жалпы 50 миң тонна арматура, 210 миң куб бетон кетерин болжоп жатабыз. Стадион өзү жети кабат имараттан турат. Төмөнкү эки кабатта унаа токтотуучу жай, жерден өйдө кеткен беш кабат соода дүкөндөрү катары долбоорлонгон", — деп белгиледи курулуштун прорабы Тилек Тургунов.
Стадиондун 46 даана кирүү дарбазасы, 54 даана чыгуу дарбазасы болот. Алар 50 миңден ашык көрүүчүнүн 15 мүнөттө кирип, кайра чыгып кетүүсүнө эсептелген. Объект Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына ылайык курулууда, андыктан Азия оюндарынын ачылышын же финалдык беттешин кабыл алса болот.
Стадиондун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзөт. Анын дээрлик төрттөн биринде оюн-зоок, соода аянттары жайгашат. Андан түшкөн каражат стадиондун кем-карчысына, имаратты кармап турууга жумшалат.
Белгилей кетсек, буга чейин курулушу былтыр башталган стадион 2026-жылы салынып бүтүп, 31-августта ачылышы болору айтылган. Маданият министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы дал ушул жаңы стадиондо өтөрүн билдирген.
Тема боюнча:
Жибек Жолу менен Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөлөрдүн курулушу кайсы этапка келди? Видео