Окуучулардын күзгү каникулу эмнеге кыскарганын министрлик түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Агартуу министрлиги мектеп окуучуларынын күзгү каникулу эмне үчүн кыскартылганын түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө биринчи чейрек 4-ноябрда аяктап, каникул 5инен 9-ноябрга чейин созулары кабарланган. Окуу 10-ноябрда башталат.
Агартуу министрлиги окуучулар окуу жылында 30 календардык күн эс алууга укуктуу экенин билдирди.
"Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу январь жана май айларында республика боюнча узакка созулган эс алуулар жарыяланды. Бул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен каникул кыскартылды, бирок окуу жылында мектеп окуучулары талап кылынган 30 күн эс алышат", — деди министрлик.
2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди