Жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын туура эмес колдонуу түшүмгө терс таасир этет. Бул тууралуу Гүлзар Султанбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соңку жылдары топурак анализин тапшырган дыйкандар көбөйдү.
"Дыйканчылыкта топурактын курамынын орду чоң. Бирок дыйкандардын көбү буга анчалык көңүл бурбайт. Жакшы түшүм алабыз деп жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ар кандай көлөмдө колдонушат. Туура эмес колдонгондо топурактын курамы бузулуп, түшүмдүн сапатына терс таасир этет. Ошондуктан топурак изилденип, анализден өтүп, андагы азык заттардын курамы аныкталышы керек. Анын негизинде адистер сунуш беришет. Ошого жараша кайсы жер семирткичти качан кандай ыкма менен чачуу керектигин айтышат. Мунун негизинде дыйкандар мол түшүм ала алышат", — деди Султанбек кызы.
Адистин айтымында, изилдөө сапаттуу болушу үчүн топурактын үлгүсүн туура алуу керек.
"Бишкек жана Ошто атайын адистештирилген токсикологиялык лабораториялар бар. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, топурактагы азот, фосфор, калий, гумус, анан топурактын кычкылдык деңгээлин аныктап берет. Топурактын үлгүсүн алуунун өзүнүн ыкмасы бар. Мисалы, 20 гектар жер болсо төрт же беш жеринен топурак алуу керек. Аларды аралаштыруу зарыл. Жалпы 1-1,5 килограмм салмакта болушу керек. Аны атайын баштыкчага салып, 2-3 күндөн кечиктирбей лабораторияга жеткирүү зарыл. Антпесе топурактын айрым касиеттери учуп кетиши мүмкүн", — деди Султанбек кызы.
Ошондой эле ал соңку жылдары топурак анализин тапшырган дыйкандардын саны өсүп жатканын кошумчалады.