БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Турдакун Усубалиевдин туугандары Кочкор районунун аталышын өзгөртүүгө каршы чыгышты. Мындай билдирүүнү анын атын алып жүргөн коомдук фонд таратты.
Буга чейин аксакалдар Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну демилгелешкен. Алар мындай сунушту аким менен жолугуу маалында көтөрүшкөн.
Анткен менен Усубалиевдин фонду Кыргыз ССРинин мурдагы жетекчиси жер-суулардын түпкү аталышынын сакталышына өзгөчө маани бергенин белгилеп, тарыхый инсандын эмгегин баалагандарга ыраазычылык билдирүү менен районго анын атын берүү туура эмес чечим болорун айтышкан.
"Кочкордун атын алмаштыруу Усубалиев туулуп-өскөн аймактын тарыхый маанисин төмөндөтөт. Андан сырткары, Кочкор — байыркы аталыш жана жергиликтүү эл үчүн өзгөчө баалуулук болуп саналат", — делген фонд тараткан билдирүүдө.
Эске салсак, бир нече жыл мурун Жогорку Кеңеште Бишкек жана Нарын шаарларынын борбордук көчөлөрүнө Усубалиевдин ысымын берүү сунушталган. Бирок маркум саясатчынын туугандары бул демилгеге да каршы чыгып, Усубалиев өзү да мындай сунушту колдомок эместигин айтышкан.
Учурда мамлекеттик ишмердин аты борбордогу эски аянтка берилген. Андан тышкары, Нарын шаарында айкели тургузулган.