БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кара-Кулжа районунда экинчи класстын окуучусун ит талап, каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милиция билдирди.
22-октябрь күнү райондук милицияга Кара-Гуз айыл аймагында 8 жаштагы М.А. аттуу баланы ит талап ооруканага түшкөнү кабарланган. Тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.
Факт каттоого алынып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.