БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 24-октябрь, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын өрөөнүндө +13...+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +23…+25, Ош шаарында +24...+26 градуска көтөрүлөт.