Венгрия: ЕБ Путиндин Будапештке келишине тоскоол болсо, демек, тынчтыкка каршы

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто Европа мамлекеттери РФ президенти Владимир Путиндин АКШ лидери Дональд Трамп менен боло турган жолугушуусуна келүүгө бардык шартты түзүп берет деген үмүттө. Бул тууралуу министр CNN телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
ТИМ жетекчисинин айтымында, эгер Путиндин учагынын учушуна тоскоолдук жаралса, бул Евробиримдик тынчтыктын орношуна каршы экенин далилдейт.
"Россия менен Венгриянын ортосундагы мамлекеттер Путиндин учагынын учуп өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем, анткени азыр бул эки президенттин (Россия менен АКШ лидерлери) жолугушуусунан тынчтыктын орноор-орнобосу көз каранды. Эгер кайсы бир өлкө тоскоолдук жаратса, демек, ал абалдын жөнгө салынышын каалабайт", — деген Сийярто.
Министр Будапештте өтө турган РФ — АКШ саммитинин мөөнөтү жылды деген кепке да комментарий берген. Анын айтымында, күнү белгилене элек иш-чараны жылдыруу мүмкүн эмес.
"Саммит өтөт деген чоң ишеничим бар, азырынча мөөнөтү белгилене элек, демек, аны жылдыруу да мүмкүн эмес", — деген Сийярто.
Ал кийинки жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшөрүн, ошондон кийин айрым деталдар ачыкталарын билдирген.
Эскерте кетсек, Россия менен АКШ президенттери өткөн жумада телефондон 2,5 саат сүйлөшүп, Венгрияда жолукмай болушкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан Украинада тынчтык орнотууга ким жолтоо болуп жатканын айтты