ИИМ сексуалдык ыдык үчүн жоопкерчиликке тартууну көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Административдик жана Кылмыш кодекстерине "Сексуалдык ыдык" боюнча берене киргизүүнү сунуштап жатат.
Демилге ишке ашып калса, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү колдонуу, жыныстык органдарды көрсөтүү, ошондой эле бирөөнүн эркине каршы кармалоо, кысуу, сылоо, чымчуу сыяктуу жосундарды жасаган адамга 20 миң сом айып салынып же 3-7 сутка камалат. Эгер кайталанып жасалса, айыпкерди 3-5 жылга эркинен ажыратуу каралууда.
ИИМ акыркы жылдары коомдук жайларда сексуалдык ыдык боюнча даттануулар көбөйгөнүн маалымдады. Буга чейин мыйзамда аталган терминге так түшүнүк берилбей, шектүүлөр жумшак жаза менен кутулуп келишкен.
15 жашар кыздын зордукталганын жашырган делип ИИМдин үч кызматкери кармалды