БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкекте чала тааныш адамды 8 миллион сомдон ашык каражатка алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
21-октябрь күнү Ленин райондук милициясына А.М. аттуу жаран кайрылып, бир ай мурда, тагыраагы, 21-сентябрда, Б. аттуу кишиге Новопавловка айылындагы базардын аймагынан 8 миллион 353 миң сомун алдатканын билдирген. Ал цемент менен бензин алып келип берем деп из суутуп кеткен.
Факт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 30 жаштагы А.Б. кармалып, камакка алынды. Тергөө учурунда ал буга чейин башка адамды да 500 миң сомго отургузуп кеткени аныкталганы айтылды. Эгер бул адамдан жабыркагандар болсо 0779 043 407, 0503 005 581 номерлерине же 102ге кайрыла алат.