БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +12…+17 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +22…+24 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +23…+25ке жетет.