БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн тамактануу маданияты анча жакшы болбогондугу балдардын тишинин кариес болуп кетишин шарттап жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча штаттан тышкаркы адиси Гүлмайрам Ибраимова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты.
Ал кайсы күнүмдүк азыктар тиш кариесин алдын аларын жана эмнени көп жеш керектигин түшүндүрүп берди. Дарыгердин айтымында, балансталбаган тамактануу тиш ооруларынын пайда болуу ыктымалдыгын көбөйөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча штаттан тышкаркы адиси Гүлмайрам Ибраимова
© Sputnik / Самрат Карачев
"Кариестин өрчүшүнө же башка системалуу илдетке тиш жана анын тегерегиндеги ткандарда жаралган инфекциялар себепкер болушу мүмкүн. Эгер баланын же чоң кишинин дарыланбаган кариоздук очоктору болсо, организмде бактериялар менен сезгенүүнү күчөткөн заттар топтолуп, жалпы ден соолукка терс таасирин тийгизет", — деп түшүндүрдү Ибраимова.
Дарыгер жашылча менен жемиштерди жеш керектигин айтты. Чайнаганда бөлүнүп чыккан биологиялык суюктук болгон шилекей тиштин өзүн-өзү тазаланышын шарттап, тишти кариестен коргойт.
"Эгерде бөбөк дайыма эле пюре, котлет же башка жумшак тамактарды жеп, чайноосу аз болсо, биз жогоруда айткандай, өзүн-өзү тазалоо процесси жайлап, кариес тобокелдиги артат", — деди Ибраимова.
Ал тишке курт түшкөн көйгөй Кыргызстанда курч экенин, андыктан алдын алуу иштерине басым жасоо өтө маанилүү жана зарыл болуп турганын кошумчалады.