БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажылык кызматташуу министри Руслан Давыдов билдирди.
ЕЭКтин коллегиясы кабыл алган чечимге ылайык, уюм ичиндеги жүк ташууларда 2026-жылдын февралынан тарта навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Давыдовдун айтымында, навигациялык пломбалар товардын санын жана рынокту көзөмөлдөөгө жардам берет.
"Чек арада бир күн туруп калган жүк ИДПнын өсүү темпин бир пайызга чейин жайлатат. Ал эми электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат. Ошол эле учурда ак ниет ишкерлердин санын көбөйтөт", — деди ал.
Эске салсак, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча келишимге 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган. Документ 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген. Аны ташылган товардын категориясына жана транспорттун түрүнө жараша акырындык менен киргизүү каралган.