Пресс-борбор

Кыргызстандын 150 мектебинде стоматологиялык кабинет ачуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын 150 мектебинде тиш дарылаган кабинеттерди ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Анын айтымында, учурда тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар балдар үчүн клиникалар жана стоматологиялык бөлүмдөр иштеп жатат.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов
"Облустун борборлорунда, ири райондордо стоматологиялык кабинеттерди ачууну пландап жатабыз. Миңден ашык окуучусу бар мектептерде да пайда болот", — деди Байдавлетов.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар стоматологиясы кафедрасынын доценти Гүлнара Чолокова татаал кариес азыр бир жаштагы балдарда да байкалып жатканын белгиледи.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар стоматологиясы кафедрасынын доценти Гүлнара Чолокова
"Бул курч стадиядагы өнөкөт периодонтит (тиш тамырынын тегерегиндеги сезгенүү) жана ириңдүү периостит (жаак сөөктүн кабыгынын сезгенүүсү) болуп саналат. Аны өз убагында дарылабаса остеомиелит, флегмона жана медиастинитке алып келип, өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн", — деди Чолокова.
Ал учурда башталгыч жана орто мектептин окуучулары үчүн тиш ооруларын алдын алуу жана дарылоо боюнча өзүнчө программалар иштелип жатканын кошумчалады.
Пресс-борбор
Тамактануу маданиятынын балдардагы кариеске таасири. Адистин түшүндүрмөсү