БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мекеменин мурдагы А.С. аттуу директору өлкөгө 26 848 000 сом зыян келтирди делип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ведомствонун айтымында, А.С. 2024-жылдын 11-майында, кызматта турган маалда, чет элдик фармацевтикалык компания менен 1 349 470 долларга дары жана медициналык жабдууларды сатып алууга келишим түзгөн.
"Бирок дарылар Кыргызстанга бажы көзөмөлүсүз кирип, кийин кымбаттатылган баада саламаттык сактоо мекемелерине сатылган. Республикалык бюджетке алымдар түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, муктаждык болбосо да онкологиялык кымбат препараттар сатып алынганы айтылды. Андан улам дарылар сапат боюнча сертификаттан өтпөй, жарактан чыккан.
Министрлик мурдагы директор ошондой эле кампадан кымбат дарыларды уруксат кагазы жок эле алып чыгып кеткенин да кошумчалады.
Аталган фактылар боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, А.С. камакка алынды. Тергөө уланууда.