БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы бир айга жетпейт, абал курч. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов Sputnik радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин эки айга жеткидей запас турчу. Эшатов күйүүчү май импорттолуп жатканы менен аз көлөмдө келип жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү май улам кымбаттап жатат. Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырган.