Бишкектеги ипотекалык үйдүн биринчи кабатында мектеп иштей баштады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания салган үйлөрдүн биринде №40 мектептин филиалы ачылганын мэриядан билдиришти.
Ал Маликов көчөсүндөгү "Мурас" турак жай комплексинин биринчи кабатында жайгашып, 5-9-класстын окуучулары окуйт. Имарат 1 000 балага ылайыкташып, сабактар эки нөөмөттө өтөт.
"Убактылуу, бирок натыйжалуу чечим болду. Балдарды үйүнө жакын жерде сапаттуу билим менен камсыз кылып, жаңы мектептер жана бала бакчалар курулгуча жакынкы окуу жайларга түшкөн жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деп белгиленген мэриянын маалыматында.
1 / 4

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания салган үйлөрдүн биринде №40 мектептин филиалы ачылганын мэриядан билдиришти

2 / 4

Ал Маликов көчөсүндөгү "Мурас" турак жай комплексинин биринчи кабатында жайгашып, 5-9-класстын окуучулары окуйт

3 / 4

Имарат 1 000 балага ылайыкташып, сабактар эки нөөмөттө өтөт

4 / 4

Билим уясында шахмат, тогуз коргоол, сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча ийримдер да иштейт

Билим уясында шахмат, тогуз коргоол, сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча ийримдер да иштейт.
Минкаб жетекчиси эки жылда Бишкекте дагы 32 мектеп курула тургандыгын айтты