Бишкекте 13 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер делген айдоочу бир айга камалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө себепкер делген айдоочу бир айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, жашы жете элек шектүү Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү мекемесинин тарбиялоо колониясына камалган.
Эске салсак, жол кырсыгы 18-октябрь күнү борбордун Бөкөнбаев менен Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Lexus RX 330 менен Toyota Camry кагышып, экинчиси тротуарга чыгып кетип төрт кишини сүзгөн. 13 жаштагы өспүрүм ошол жерден каза болгон. Кайгуул милициясы Toyota Camry автоунаасын 17 жаштагы өспүрүм айдап бара жатканын белгилеген.
Кара-Балтада КамАЗ сүзгөн эки окуучу бала каза болуп калды