БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кечээ, 18-октябрда, түнү Бишкектин чок ортосунда 13 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыкка байланыштуу 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Милициянын Кайгуул кызматы кырсык Бөкөнбаев менен Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирген. Анда Lexus RX 330 менен Toyota Camry кагышып, экинчиси тротуарга чыгып кетип, төрт кишини сүзгөн. Өспүрүм ошол жерде каза болгон. Кайгуулчулар Toyota Camry автокөлүгүн 17 жаштагы өспүрүм айдап бара жатканын белгилешти.
"Бул кырсык жашы жете элек баланын айынан болгон, ал ата-энесинин кабары жок жана айдоочулук күбөлүксүз автоунааны алып, шаардын көчөлөрүнө чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өспүрүм кылмышка шектүү катары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иш козголгон. Милиция ата-энелерди жашы жете элек балдарынын эмне кылып, кайда жүргөнүнө көз салууга чакырды.