Минкаб төрагасы: экологиялык таза товарларга чет элдиктердин кызыгуусу артууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын таза экологиялык товарларына чет өлкөлөр көп кызыга баштады. Бул туурасында минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүндө айткан.
Ал аталган тармактардын кызматкерлерин президенттин жана өкмөттүн атынан куттуктады.
"2025-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен өлкөнүн ИДПсы 10 пайыздык өсүү менен баратат, номиналдык жактан 1,2 триллион сомду түздү. Мунун ичинде айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 348,4 миллиард сом болду", — деген Касымалиев.
Өкмөттүн башчысы Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык товарларга кызыгуу чет өлкөлөр тарабынан күчөгөнүн айтып, экспорттун көлөмү жогорулаганын билдирди.
1 / 3

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жаткан "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкеси менен "АгроТехЭкспо–2025" агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды.

2 / 3

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев "Алтын күз" жарманкесинде

3 / 3

урдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жаткан "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүп жатат

Тышкы соодада үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 5,7 миллиард долларды түзгөн.
"Мунун ичинде Өзбекстан менен болгон соода карым-катыш январь-июль айларынын жыйынтыгы менен 20 пайызга көбөйдү. Импорт 15,7, экспорт 28 пайызга өстү. Демек, жаныбыздагы мамлекеттер менен интенсивдүү соода-сатыктардын өсүшү сөзсүз өнүгүүгө алып келет. Мындан тышкары, биздин товарларга Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынын кызыгуусу өскөнү катталды. Корея менен болгон соода 29,5 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде экспорт 14 пайызга арткан. Эмираттар менен экспорт 17 пайызга өстү", — деди минкаб төрагасы.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Россияга 40 тонна беденин үрөнү жана Японияга 1,6 тонна ашкабактын үрөнү экспорттолгону айтылды.
Иш-чаранын соңунда айыл чарба тармагы боюнча өз ишинде ийгилик жараткан кызматкерлерге министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана Алкыш баракчаларын тапшырды.
Мындан сырткары, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жаткан "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкеси менен "АгроТехЭкспо–2025" агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды.
Малдын кымбаты, азык-түлүктүн арзаны. Бишкектеги айыл чарба көргөзмөсүнөн видео