Израилдин министри Газа жаңжалын кайра баштоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Израилдин күч колдонууга ыктаган коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну анклавда атышпоо тартиби бузулган соң Газа тилкесинде кармашты кайра баштоого чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Премьер-министрди Израилдин Коргоо армиясына (ЦАХАЛ) тилкеде согушту кайрадан баштоого буйрук берүүгө чакырам. ХАМАС өзүнүн позициясын өзгөртөт же болбосо алар өздөрү кол койгон келишимди сактайт деген калп ишенимдер биз күткөндөй эле коопсуздугубуз үчүн коркунучтуу болуп чыкты. Неонацисттик террордук уюмду толугу менен жок кылуу зарыл, канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы", — деген Бен-Гвир өзүнүн Telegram каналында.

Трамп Израилге барып, Газа тилкесиндеги чатактын аяктаганын жар салды