БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Пакистан менен Афганстан Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундунда атышууну тез арада токтотууну макулдашты. Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлиги Х социалдык желесинде маалымдаган.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар атышууну тез арада токтотууну макулдашты", — деп айтылат Катардын ТИМинин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, Пакистандын коргонуу министри Хаваджа Асиф Х социалдык тармагына эки өлкөнүн делегациялары сүйлөшүүлөрдү 25-октрябрда Түркияда улантарын, анда дагы эки жагдай талкуулана тургандыгын жазган.
Эске салсак, 9-октябрда Кабулдагы Абдул Хак жолунда бараткан Land Cruiser автоунаасына учкучсуз аппарат кол салган. Бул соккудан пакистандык талибдердин лидери Нур Вали Мехсуд жок кылынды деп божомолдонгон. Pakistan Observer басылмасы 10-октябрда билдиргендей, кеп авиациялык операция тууралуу болушу мүмкүн.
10-октябрга караган түнү Пакистандын Аскердик-аба күчтөрү Афганстандын чыгышындагы Пактика провинциясына авиасоккуларды жасашкан. Ал эми 11-октябрда Афганстан тааныбаган, Пакистан менен чектешкен Дюранда линиясында катуу кармаш башталган. Ошол эле күнү Афганстандын Коргоо министрлиги Пакистанга каршы "жазалоо операциясы" бүттү деп билдирген.
Tolo News телеканалынын маалыматы боюнча, шейшембиде Кандагар провинциясында Афганстан менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кайрадан жаңжал чыккан. Шаршембиде Дюранда тилкесинде да кармаш башталган. Ошол күнү Пакистандын ТИМи Афганстан тарап менен 48 саатка атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун билдирген.
16-октябрда Афганстандын ЖМКлары пакистандык талибдердин башчысы Нур Вали Мехсуд тирүү экенин жана видеокайрылуу жасаганын жазышкан. 17-октябрда Reuters агенттиги Пакистандын коопсуздук структураларындагы үч маалымат булактарга жана афганстандык талибдердин бир өкүлүнө таянып тараптар атышууну токтотуу режимин Дохадагы сүйлөшүүлөр бүткөнгө чейин улантууну макулдашканын билдирген.