Россия менен Борбор Азия эртеңкиге чогуу кам көрүүдө. Душанбедеги дипломатия жумалыгы

Октябрдын биринчи декадасында Россиянын Борбор Азия багытындагы тышкы саясаты абдан жандуу болду. Алгач РФ президенти Владимир Путин Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды. Эртеси "Борбор Азия — Россия" саммити менен КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышты.
Sputnik
Бүгүнкү күнү маанилүү сапарларды олуттуу жолугушууларга туштап өткөрүү дипломатиянын оң тенденцияларына айланды. Мындай формат талуу маселелерди талкуулап эле эмес, аларды чечүүгө, өлкө башчыларынын жеке мамилелерин бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берерине акыркы жылдары ынандык. Душанбедеги жолугушуулар дал ушул нукта өттү.

Ишенимдүү союздаш

Тажикстан Россиянын Борбор Азиядагы тышкы саясий стратегиясында өзгөчө орунду ээлеп, көбүнесе регионалдык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алака үстөмдүк кылып келген. Республикада Россиянын аскердик объектилери жайгашкан, анын бири 201-аскердик база жалпы региондогу эң ири объект болуп саналат. Бирок акыркы мезгилде соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана гуманитардык багытта да кызматташуунун мааниси артып бара жатканы байкалат.
Владимир Путин Тажикстанга келген учурда соода-экономикалык байланыштын күчөп жатканын белгилеген.
Россия лидери Владимир Путин
"Былтыр соода 7 пайызга жогорулаган, ал эми үстүбүздөгү жылдын жети айында өсүш 17 пайызды түздү. Бул чоң жылыш, биз аны сактап калышыбыз керек", — деди россиялык лидер.
Путин маданий-гуманитардык алака бекемделип жатканын, тажик студенттеринин РФ окуу жайларында окушу каралган долбоорлордун ийгилигин белгилеп, Эмомали Рахмонго орус маданиятына, тилине жасалган мамиле үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекеттик сапардын жыйынтыгы менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилени тереңдеткен билдирүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо, энергетика, коопсуздук, билим берүү, миграция маселелерин камтыган 16 документке кол коюлду.
Мында чек ара маселесин чечип, мамилесин оңоп алган Тажикстан менен Кыргызстан Россиянын регионалдык стратегиясында өзгөчө орунду ээлей турганын айта кетүү керек. Бул жаатта эки өлкөнүн жалпы мейкиндигин Москванын Борбор Азиядагы тышкы саясатынын эң ыңгайлуу багыты катары кароого болот.

Өнөктөштөн да бийик

Россиянын Борбор Азия менен байланышынын тамыры терең, муну Москва да, региондогу мамлекеттер да жакшы түшүнөт. Ошондон улам да Япония, АКШ, Түштүк Корея, Евробиримдик мамлекеттери менен өткөн жыйындардан "Борбор Азия — Россия" саммити кескин айырмаланып турат. Россияга жогорудагы мамлекеттерден айырмаланып "мен бармын" дештин зарылчылыгы жок, ал илимий чөйрөдө Борбордук Евразия деп атала баштаган жалпы мейкиндиктин ажырагыс бөлүгү. Ошентсе да "БА — Россия" деген аталыш регионалдык маселелерди талкуулоого нейтралдуу аянтча түзүүгө, кызматташуунун формаларын белгилөөгө керек.

Жаңы ачылган мүмкүнчүлүктөр

Саммитти ачып жатып Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул жолугушуу мүчө өлкөлөрдүн мамилесин тереңдетчү иш-чара экенин белгиледи. Россия регионго 20 миллион доллар салып алдыңкы инвесторлордун катарында турат, ал эми аймактагы мамлекеттер менен соодасы 45 миллиард доллардан ашты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Россиянын борбор азиялык республикалар менен соода-экономикалык алакасындагы олуттуу маанисин белгиледи. Ал бардык мамлекеттерде экономикалык өсүш байкалып, элдик бакубаттуулугу жогорулап, ички рыноктор кеңейип жатканын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров
"Биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жолун, келечегин көрүп турабыз", — деди өлкө башчы.

Дүйнөлүк артериялар

Батыш БА мамлекеттерине карата антироссиялык санкцияларды киргизгенден кийин, тескерисинче, аймактагы өлкөлөр Москва менен соода-экономикалык жана энергетикалык мамилесин бекемдеди. Жаңы регионалдык жана континенталдык транспорт жолдорун, коммуникация түзүү маселелери алдыга чыкты. "Түндүк — Түштүк", "Чыгыш — Батыш" эл аралык транспорттук коридорлорун түзүү, энергетика багытында АЭСтерди куруу жана эскилерин модернизациялоо экинчи ирет өтүп жаткан "Борбор Азия — Россия" саммитинин негизги темаларына айланды.
Буга чейин айтылып гана келген Евразиядагы көптөгөн долбоорлор Россиянын жардамы менен ишке ашып жатканы жашыруун эмес. Мисалга Инд оеканы менен Перс булуңунан континенталдык транспорттук жол аркылуу Санкт-Петербургга товардардын жеткирилишин келтирсек болот.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан да региондун маанилүү транспорттук хабына айланууда, бул демилгени ишке ашырууда Россия жана евразиялык өнөктөштөрдүн орду чоң. Садыр Жапаров саммитте БА республикалары эл аралык транспорттук коридорлордун бир бөлүгүнө айланып бара жатканын белгилеп, Россия, Кытай жана Ирандын башка мамлекеттер менен байланышын камсыздаган долбоорлорду биргеликте иштеп чыгуу зарылдыгына токтолгон.
Ушу тапта Батыш мамлекеттеринин саясий кысымынан, экономикалык санкциясынан эркин соода-экономикалык кеңири мейкиндик түзүлүүдө деп айтууга болот. Мындай жагдайдын дүйнөлүк соода жана глоабалдуу өнүгүүгө тийгизген таасири абдан чоң. 2025-2027-жылдарга биргелешкен аракеттердин планы жана коммюнике кабыл алынган экинчи саммит келечектеги кызматташуунун жалпы контурун аныктап берди.

КМШнын орду

Душанбедеги жолугушуулар КМШ мамлекет башчыларынын жыйыны менен жыйынтыкталды. Президенттер тиешелүү документтерди эле кабыл албастан, уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнүн багытын да аныкташкандай. Кол коюлган 19 документтин ичинде "КМШ+" форматын түзүү жана Шериктештикке ШКУда байкоочу макамын берүү да каралган.
Жакын арада КМШ евразиялык жана эл аралык мамилелер системасында активдүү оюнчуга айланат шекилдүү. Дүйнөлүк саясий, экономикалык жана транспот-энергетикалык байланыштар түп тамырынан берки өзгөрүү этабында турат, демек, евразиялык уюмдар бул глобалдуу өзгөрүүлөрдүн маанилүү инструменттерине айланары бышык.
КМШ — абройлуу интеграциялык бирикме. Путиндин кебинин урунттуу учурлары