Бишкекте белгилүү журналист Вадим Ночевкин дүйнөдөн кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте узакка созулган оорудан кийин белгилүү журналист Вадим Ночевкин көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактан билдиришти.
Вадим Ночевкин 60 жашта эле. Ал 35 жылдан ашуун убактысын журналистикага арнап, көп жылдар бою "Дело №" гезитинде иштеген. Коомчулук аны кесипкөй журналист, аналитик жана публицист катары тааныган.
Акыркы убактарда Ночевкин онкологиялык оорудан дарыланып жүргөн.
Sputnik Кыргызстан редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Скульптор Улан Садыков көз жумду