Интернет-шылуундар 14 млн. сомун котортуп алышкан. 18 жаштагы шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте интернеттен алдап акча котортуп жүргөн 18 жаштагы бала кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Милицияга С.К. аттуу жаран кайрылып, 6-августта белгисиз кишилер мессенжерден өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, анын 14 миллион сомун ар кандай банктык эсептер менен котортуп алышканын айткан.
Аталаган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесинин негизинде иш козголуп, 18 жаштагы жигит кармалган. Соттун чечими менен ал эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция бул ишке катышы бар деген башка адамдар изделип жатканын, акча түшүп турган эсептин баары бөгөттөлгөнүн кошумчалады.
Ташиевдин атын жамынып BMW X7 жана 210 миң доллар алып кеткен. Шектүү кармалды