Мэрия: Бишкектеги муниципалдык мектептер кадимки тартипте окумай болду

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкектеги муниципалдык мектептер 17-октябрь күнү кадимки тартипте окуйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет ИИМдин окуучуларга коркунуч туудурган киши Кыргызстанда эмес деген маалыматына таянып, тизмедеги билим берүү жайларынын баары текшерилгенин билдирген.
Буга байланыштуу муниципалдык мектептерди офлайн-режимде окутуу чечими кабыл алынган.
Буга чейин интернетте Бишкектеги окуучуларды өлтүрөм деп коркуткан кишинин видеосу тарап, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшүргөн. ИИМ бул адам 20 жаштагы Ярослав Овсюк экенин тастыктап, телефон террорчулугу үчүн Россия ИИМинин издөөсүнө алынганын билдирди. Анын Кыргызстандын аймагында жүргөнү катталган эмес.
Кыргызстанда кылмыштуу Call-борбор аныкталып, чет жактагыларды алдагандар кармалды