Путин менен Трамп телефондон эмнелерди сүйлөштү. Ушаковдун билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кечээ, 16-октябрда, Россия лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүүсү мазмундуу болду. Бул туурасында РФ башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Эки лидердин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу Ушаковдун билдирүүсүнүн негизги жерлери:
Путин менен Трамп бейшембиде Россиянын демилгеси менен 2,5 сааттай сүйлөштү. Бул эсептей келгенде сегизинчиси болду.
негизги басым украин кризисин чечүүгө жасалды;
Путин Украинадагы көйгөйгө өзүнүн баасын берди. Фронттун бардык багытында Россиянын Куралдуу күчтөрү стратегиялык жактан басым жасап турат;
Путин Россия Украинадагы кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу анын көңүлүндөгү негизги маселе экендигин белгиледи;
Трамп согуштук кырдаалдарды жөнгө келтирүүдө өзүнүн ийгиликтерин эске салды. Украинадагы согуштун токтошу Россия менен АКШнын экономикалык кызматташуусуна даңгыр жол ача тургандыгын, бул өтө маанилүү экенин айтты;
Путин менен Трамп эки элдин бири-бирине терең урмат менен мамиле жасай турганын белгилешти;
диалогдо "Томагавк" ракеталарын берүү көйгөйү көтөрүлбөй койгон жок. Путин бул кадам согуштагы кырдаалды өзгөртүп деле жибербестигин, бирок Россия-АКШ алакасына кесепетин тийгизе тургандыгын айтты;
Путин менен Трамп жеке жолугушууну талкуулады, эми эки мамлекеттин өкүлдөрү саммитке даярдыкты баштайт;
бул жааттагы кадам РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубионун телефон аркылуу сүйлөшүүсү менен башталмакчы. Алардын ишинин жүрүшүндө саммит качан болору аныкталат;
эки президент Будапештте жолугушу мүмкүн. Муну Трамп сунуштап, Путин аны колдоду;
Путин Трампка анын жубайы, канайым Меланияга жакшы жылуу каалоо-тилектерин айтууну суранып, россиялык жана украиналык балдардын үй-бүлөсүнө кайтышы боюнча маселеге кошкон салымы үчүн ыраазы экенин билдирди;
Трамп Зеленский менен байланышканда Россия лидеринин ой-пикирлери эсинде боло тургандыгын айтты;
Путин менен Трамп байланышып турмакчы.
Трамп Путин менен Венгрияда жолугарын айтты. Лидерлердин эки сааттык сүйлөшүүсү