БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Милиция канкор Кумарбек Абдыровдун колунан ажал тапкан дагы бир кыздын окуясынын чоо-жайын айтып берди.
Эске салсак, бул киши Жети-Өгүздүн 17 жаштагы жашоочусу Айсулуу Мукашеваны өлтүргөн жана муну ал тергөө иштеринде мойнуна алган.
Шектүү ага чейин да бир нече кыздын жанын кыйганын, анын ичинде 11 жыл мурда өлтүрүлгөн Камила Дүйшөбаева да бар экендигин айткан.
ИИМге 2014-жылы Дүйшөбаеванын өлүмүнөн үч күн өткөн соң Раззаков көчөсүндө кыздын сөөгү жатканы боюнча маалымат түшөт. Тактай келгенде ал 22 жаштагы М.С.Н. аттуу кыз болгон. Ал зордукталып, муунтуп өлтүрүлгөн. Маркумдун башына желим баштык кийизилип, колдору артына байланган тейде табылган.