Малдын кымбаты, азык-түлүктүн арзаны. Бишкектеги айыл чарба көргөзмөсүнөн видео

Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо-2025" агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси башталды.
Sputnik
Анда айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткичтер, азык-түлүктүн бардык түрлөрү коюлган.
Асыл тукум мал баккан чарбалар кой-эчкилерин, уй жана жылкыларын алып келишкен. Чүйдөгү чарбалар алдыңкы породадагы уйларын көргөзүп, аймактардан келген дыйкандарга кеңештерин берүүдө.
"Биз сандан сапатка өтүп, малдын асыл тукумдуулугун арттырышыбыз керек. Бул үчүн жасалма уруктандырууга өтүүнү сунуштайбыз. Мисалы, биздин чарбадагы уйлар күнүнө 42-45 литр сүт берет", — деп белгиледи "Чабрец" чарбасынын башкы зоотехниги Гүлүмкан Болотова.
Ошондой эле адистер айыл чарбасына керек болгон техника, шаймандар, кайра иштетүү өндүрүшүнүн жабдууларын насыя жана лизингге алуунун жол-жобосун түшүндүрүүдө. Мамлекеттик банктар дыйкан-фермерлерди колдоо программалары, жеңилдетилген насыялары тууралуу маалымат беришти.
Андан тышкары, өлкөнүн 40 районунан келген дыйкандар өндүргөн продукцияларын базар баасынан төмөн сатууда. Сары майдан тартып, сабиз, картөшкөгө чейин арзан алууга болот.
Иш чара 19-октябрга чейин уланат.