БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Владимир Путин Россиянын 2026-2030-жылдарга карата мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясын бекитти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын натыйжасында мыйзамсыз мигранттардын жана алардын кылмыштарынын саны азайышы керек.
Миграциялык саясаттагы маселелер төмөнкү негизги багыттар боюнча чечилет: чет өлкөлүк жарандарга орус тилин, коомдогу жалпы жүрүм-турум нормаларын өздөштүрүүгө, аларга Россия коомуна таандык укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты калыптандырууга көмөктөшүү.
"РФтин миграциялык саясаты мурда өлкөдөн чыгып кеткендер үчүн да жагымдуу болушу керек", — деп айтылат маалыматта.
Концепциянын башка дагы жоболору:
Россия атайын аскердик операция учурунда үйлөрүн таштап кеткен Донбасс жана Новороссиянын тургундарын чет өлкөдөн кайтаруу үчүн шарттарды түзөт;
мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттардын саны азайышы керек;
бийлик мигранттардын иштебеген жана окубаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россияда жүрүү мөөнөтүн чектейт;
РФ салттуу баалуулуктарды карманган чет элдиктердин өлкөгө көчүп келүүсүнө көмөктөшөт;
Россиянын жогорку окуу жайларында чет элдик студенттердин үлүшү өсүшү керек.