Трамп Путин менен Венгрияда жолугарын айтты. Лидерлердин эки сааттык сүйлөшүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин экөө Венгрияда жолугарын айтты.
Лидерлердин баарлашуусу эки саатка созулган.
Трамптын билдирүүсүнүн негизги учурлары:
АКШ лидери РФ президенти менен сүйлөшүүдө чоң жылыш болду деп эсептейт;
кийинки жумада Россия менен АКШнын чиновниктери жолугат, жери аныкталууда;
Трамп Зеленский менен жолугушууда Путин менен болгон сүйлөшүү тууралуу айтып берет;
президенттер Россия менен АКШнын Украина чыры соңуна чыккандан кийинки соода алакасын талкуулашкан;
Жакынкы Чыгыштагы ийгилик Украинадагы абалды жөнгө салууга жардам берерине ишеним арткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинанын курал берүү өтүнүчү боюнча чечим кабыл аларын убадалады