Путин: Россиянын энергоресурсунан баш тарткан Евробиримдик экономикасын жабыркатты

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россиянын энергоресурсунан баш тартып, Евробиримдик экономикасын жабыркатып жатат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчынын айтымында, ЕБдин мындай кадамы россиялык газды башка алуучуларга багыттоону тездетип жиберген.

"Евробиримдиктин демаршы биздин багытыбызды өзгөрттү, келечеги кең, жоопкерчиликтүү кардарларды таптык. Алар улуттук кызыкчылыгы эмнеде экенин билген, ошол көз караштан туруп кадам таштаган мамлекеттер. Ал эми Батыштын аракети энергетикалык архитектуранын жасалма бузулушун шарттады. Россиянын энергоресурстарысыз Европанын өнөр жайы кыйрап, баа өсүүдө", — деди Путин.

Путин: Россия 2030-жылы дүйнөдөгү биринчи өзөктүк энергосистеманы ишке киргизет