Катуу суук болобу? Ноябрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ноябрьдагы абанын айлык орточо температурасы
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, айрым жерлерде жогору болушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ноябрьдин жаан-чачындын айлык көлөмү

Чүй облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…+4төн 5…10го чейин жетип, кээ бир түндөрү -2…-7 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 5…10дон 13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү абанын температурасы -1…+4 градуска чейин төмөндөп, кайра 19…24кө чейин жогорулашы мүмкүн.

Талас

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин жетип, кээ бир түндөрү -3…-8 градус суук болушу ыктымал. Күндүз 4…9дан 11…16 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү абанын температурасы -2…+3 градуска төмөндөп, кайра 17…22ге чейин көтөрүлөрү божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 8…13кө өзгөрүп, кээ бир түндөрү -4…+1 градус суук болушу ыктымал. Күндүз 8…13төн 14…19га чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү абанын күндүзгү температурасы 2…7ге чейин төмөндөп, кайра 20…25 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен 1…6га чейин өзгөрүп, кээ бир күндөрү чыгышында түнкүсүн -6…-11 градуска чейин суук болушу ыктымал. Күндүз 1…6дан 11…16 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Нарын облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9, -1… +4 градустун тегерегинде болот. Күндүз 3…8ден 10…15 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градуска төмөндөшү мүмкүн.
Күн жылуу болобу? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу