2025-жылы чет жактарда орус тилиндеги китептердин сатылган үлүшү
© Sputnik_Infographics
Европалыктар орус тилинде китеп сатып алышат, жыл ичинде бул көрүнүш 30 пайызга өстү. Мындай маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье таратты.
"ЕБ өлкөлөрү сатуу үлүшүндө 20 пайыз (+30) менен экинчи орунду ээлеп, Беларустан ашып кетти. Аталган республика 17 пайыз үлүш (-31) менен үчүнчү баскычка түштү. 35 пайызды (+6) камсыздап, биринчи орунда Казакстан турат", — деп "Эксмо-АСТ" басма тобунун маалымат кызматы билдирди.
Орус тилинде чыккан китептерге кызыгуу Молдовада да өскөн. 2025-жылы аталган республиканын жашоочулары бул тилдеги китептерди 40 пайызга көбүрөөк сатып алган.