БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 20 миңден ашык камера орнотулганда гана өлкө боюнча толук коопсуздук камсыздалат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 2000ден ашык гана камера бар. Акыркы үлгүдөгү бул камералар адамды жүзүнөн тааныйт, 360 градуска айланып тартат жана көп функционалдуу.
Учурда иштеп жаткан камералардын облустар боюнча саны:
Бишкек шаары – 651;
Баткен облусу – 248;
Ысык-Көл облусу – 283;
Жалал-Абад облусу – 205;
Нарын облусу – 207;
Ош шаары – 57;
Ош облусу – 115;
Талас облусу – 201;
Чүй облусу – 177.
"Эч качан кармалбай калам деп ойлобогула. Кылмыш жасабагыла. Учурда техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү, иликтөөнүн жаңы ыкмалары бар. Кутулуп кетем деген кыска ойго азгырылбагыла!" — деп жазган Орунбеков.
Ал акыркы жасалган оор кылмыштардын бетин ачуу операциясы так ушул камералардын жардамы менен ишке ашканын белгилеген.