Жыл башынан бери инвестициянын жалпы көлөмү 334,4 млн долларды түзгөн 77 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 6 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Базальт ишканасынын курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана Кыргызстанды индустриялаштыруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жаңы этабынын башаты. Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Токмок шаарында “Базальт Эвотек” ишкананын курулушуна мезгил кутучасын салуу учурунда билдирди. "Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда биринчи ири масштабдуу үзгүлтүксүз базальт буласын чыгаруучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуудабыз. Долбоор экономиканы диверсификациялоо, инвестиция тартуу жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда", - деп белгиледи минкаб төрагасы. Анын айтымында, жаңы ишканалар аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошууда. Улуттук статистика комитеттин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январынан августуна чейин өлкөнүн ИДПсы 1 трлн сомдон ашты, экономиканын реалдуу өсүшү 11%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшү 11,5%га өстү, ишканалар 437,1 млрд сомдук продукция чыгарышты. Ишкананын курулушу үчүн инвестициянын көлөмү 42 миллион долларды түзүп, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна базальт буласын чыгарат. **Ош шаарындагы Керме-Тоо аймагында жолду кеңейтүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көп кабаттуу турак үйлөр жана социалдык объектилерге алып баруучу эски, тар жана жүрүүгө кооптуу жол талаптарга ылайык кеңейтилет. Долбоордун максаты, тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк жашоо шарттарын жакшыртуу.
Жаңы жылдан, тагыраагы, 1-январдан баштап өлкөдөгү коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн акы алынбайт. Мындай токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Жаңы эреже-талаптардан улам ресторандар менен кафелер 2026-жылдын 1-январына чейин менюларын, баа тизмелерин жана кассалык программаларын талапка ылайыкташы зарыл. Эми бардык кызматтардын наркы тамактардын тизмесиндеги жалпы баанын ичинде болушу шарт. Тагыраагы, тамактанып чыккан кишинин төлөй турган акчасы эч кандай кошумчасыз, ошол расмий көрсөтүлгөн баадай болушу керек.
2025-жылдын 22-октябрынан 31-октябрына чейин Манама шаарында (Бахрейн Падышалыгы) өтүүчү III Азия жаштар оюндарына спортчуларды узатуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Улан Майрамбековго мамлекеттик тууну тапшырды. Ал өз сөзүндө жалпы Кыргызстан эли үчүн спортчуларды Азия оюндарына узатуу чоң сыймык экенин белгиледи.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары сөзүнүн аягында 145 спортчунун III Азия жаштар оюндарына аттанып жатканы өлкө үчүн жакшы көрсөткүч экенин белгилеп, бардык спортчуларга жана машыктыруучуларга ийгилик каалады. Эске салсак, II Азия жаштар оюндары 2013-жылы Кытай Эл Республикасында өтүп, ага 14 спортчу спорттун 6 түрү менен катышкан. Быйылкы жылы 145 спортчу спорттун 15ке жакын түрү менен катышмакчы.