БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Шарм-эш-Шейх шаарындагы саммитте Газа сектору боюнча кол коюлган тынчтык келишимине тараптар аткарышы керек болгон милдеттер так көрсөтүлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документке ылайык, мындан ары АКШ, Түркия, Египет жана Катар Жакынкы Чыгышта кандай гана кооптуу абал жаралбасын, сүйлөшүү жолу менен гана чечишет. Өлкө лидерлери аталган аймактагы талаш-тартыштарды күч менен чечүүгө болбой турганын айтышкан.
"Палестиналыктардын да, израилдиктердин да укуктары корголуп, коопсуздугуна кепилдик берилгенде гана гүлдөп-өсүүгө жана тынчтыктын орношуна ишенебиз", — деп айтылат документте.
Эске салсак, 13-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп, Египеттин башчысы Абдель Фаттах ас-Сиси, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Тани Шарм-эш-Шейхтеги саммитте Газа секторунун айланасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча документке кол коюшкан.