БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кара-Балтада КамАЗ унаасы эки баланы сүзүп, алар ошол жерде каза болгонун Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү кечинде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда жүк ташуучу унаа окуучуларды сүзүп кеткени, рулда 69 жаштагы Г.М. аттуу жаран болгону аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
"Кырсык 18:30да Чапаев көчөсүндө болгон. 7 жаштагы А.А. жана 8 жаштагы А.И. аттуу эки окуучу кырсык болгон жерде каза болушкан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кылмыш-жаза кодексинин "Автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдаланылышынын коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Облустук милициядан айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканын кабарлашты.