БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкектин баш оорусуна айланган автотыгындарды азайтууга көмөкчү болот деген сунуштарды иштеп чыкты.
Аны аталган башкармалыктын жетекчиси Манас Сыдыгалиев айтып берди.
Сунуштардын негизгилери төмөнкүдөй:
Коомдук транспорттун аялдамаларына "чөнтөкчө" коюп жана аны парапет менен тосуш керек. Бул атайын бөлүнгөн жерге таксисттер кирип кетпеши үчүн жасалат;
Лев Толстой көчөсүндө Т тибиндеги кесилиштер (үч кошкон) бар жерлердеги жол чырактарга "түз кетет" деген белги менен кошумча секция орнотуу сунушталууда. Бул оң тараптын четки тилкесинде бараткандардын тоскоолдуксуз өтүп кетишине жардам берет;
7-Апрель көчөсүндөгү Медеровдон Ахунбаевге чейинки ашыкча жол чырактарды алуу сунушталды. Сыдыгалиевдин пикирине таянсак, бул нерсе жолдо автоунаалардын көп өтүшүнө мүмкүнчүлүк берет;
Күн жылып, эс ала тургандар ары-бери көп жүргөн учурда 7-Апрель көчөсүндө автотыгын алда канча арбыйт. Муну азайтуу үчүн Панораманы көздөй кеткен жолу асфальттоо сунушталды. Андан сырткары жолду Манас проспектисине чейин жолду узартуу зарылдыгы да айтылды;
Фучик көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде автоунаалар тегеренип жүргөндөй (айлампа кыймыл) кылуу каралууда. Мындай ыкманы Жибек Жолу жана Курманжан датканын кесилишиндеги жерге да колдонуу сунушталды.