БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баш калаада реновация жасаларын, бирок жапырт болбой турганын айтты.
Бул процесс батир ээлеринин мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынып жана алардын макулдугу менен жүргүзүлөрүн кошумчалады.
"Баарын бир учурда түрттүрүп, куруп салалы деп жаткан жокпуз. Реновация башкы планда каралган. Бул иштер башаламан жүргүзүлбөйт. Ал Бишкектин тигил же бул аймактарынын өнүгүшүнө жараша жасалат", — деди ал.
Мэр башкы планды иштеп чыккан адистер шаар борборго эле топтолуп калганын айтканын билдирди.
"Калаанын чет жакасына да жашоочулар үчүн керектүү жерлерди жайгаштыруу керек", — деди Жунушалиев.
Анын айтымында, башкы план 2026-жылдын аягында бекитилиши керек. Документ ноябрда коомчулуктун талкуусуна коюлмакчы.