БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфиринде жол тыгындарын жоюу чаралары тууралуу айтып берди.
Ал айрым автобустук каттамдарды кыскартуу пландалып жатканын белгиледи.
"Кыймыл кызыган маалда 20 автобус жолго батпай, өздөрү тыгын жаратууда. Бул жерде аралыкты сактоо маанилүү. Атайын эрежелер жана коопсуздук маселеси бар... Учурда кээ бир каттамдарды жоюп салууну пландап жатабыз. Мында жүргүнчүлөр жол акыны бир ирет төлөп, бир нече автобус менен жолун улай алышат", — деди Жунушалиев.
Ал ошондой эле борбор калаада метро куруу мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп берди. Мэрдин айтымында, эксперттер мындай долбоорду ишке ашыруу өтө кымбатка туруп, өзүн көптө актай турганын эскертишүүдө. Андыктан муниципалитет трамвай каттамдарын ишке ашырууну сунуштап жатышат.
Жунушалиев буга чейин айтылган темир жолду шаардын сыртына чыгаруу демилгесин да эске салды.
"Темир жол шаардын сыртына чыгарылбайт, бирок ал аркылуу шаардык поезддер жүрө башташы мүмкүн. Асма жолдун курулушуна келсек, потенциалдуу инвестордун долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Биз башка компанияларга техникалык-экономикалык негиздемени жөнөттүк, бирок асма жол транспорт маселесин чечпейт. Ал туризм үчүн пайдалуу нерсе", — деди калаа башчы.