Дени сак өспүрүмдөр — улут келечеги: Кантип туура тамактандырабыз?

Sputnik
Өлкөдө жүргүзүлгөн акыркы изилдөөгө ылайык, студенттердин 48 пайызы зыяндуу тамактарды жана энергиялуу суусундуктарды көп колдонушат. Ошондой эле студенттердин 35 пайызы алкоголдук ичимдиктерди да керектешери аныкталган. Бул көрүнүш жаштардын ден соолугуна жана окуудагы ийгиликтерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Адистер маалымдагандай, көпчүлүктө рациондо белоктуу азыктардын жетишсиздиги байкалат. Эт, сүт азыктары, жумуртка аз колдонулат, ал эми жеңил сиңүүчү углеводдор басымдуулук кылат. Учурда көпчүлүк билим берүү мекемелеринде берилген тамак-аш ден соолукка пайдалуубу? Ашканалардагы гигиеналык шарттар, азыктардын сапаты жана тамактын түрдүүлүгү талапка жооп береби? Ушул жана башка суроолорго “Көз мончок” берүүсүнүн алкагында жооп ала алдык.