БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ЦАХАЛ израилдик туткундардын 13 кишиден турган экинчи тобун Газа секторунан өткөрүп алып, чек араны көздөй бет алганын армиянын маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин өлкө премьери Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси барымтадагылардын экинчи тобу бошотулганын тастыктап, алардын аты-жөнүн жарыялаган. Туткундардын арасында донбасстык Максим Харкин да бар экени айтылды.
Эскерте кетсек, Израиль менен Палестина АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планынын биринчи этабын аткарууда. Мында тараптар атышууну токтотуп, туткундары менен алмашмак. Бүгүн эртең менен Израиль жети кишисин өткөрүп алып, 1 966 палестиналыкты бошоткон. 13 киши экинчи этаптын алкагында кое берилди.