БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын Израилдин парламентинде сүйлөп жатканда билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Согуш аягына чыкты", — деди ал кнессетте.
Трамп парламенттеги эстелик китепчеге конок катары пикирин жазып жатып, бул күндү "улуу" деп белгилеген. Муну менен катар эле ал ХАМАС курал таштоого макул болгонун айтты.
Бүгүн эртең менен Газа секторунда кармалып турган израилдик туткундардын биринчи тобу өзүнүн мекенине өткөнү, өлгөндөрдүн сөөгү да берилгени кабарланган.
Аны менен катар эле Израиль бошоткон палестиналык 1 966 туткундун да өз аймагына жөнөө үчүн автобустарга отурганы айтылган.
Жаңжалдын токтошу
Эскерте кетсек, Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү, тагыраагы, 10-октябрда токтоду. Кепке келгендер 72 сааттын ичинде туткундарды бошотушу керектиги белгиленген. Жогоруда айтылгандай, туткундарды алмашуунун биринчи этабы бүтүп, экинчиси түштөн кийин болмок.
Сентябрда Ак үй 20 пунктудан турган план жарыялаган. Документте ХАМАСтын анклавды башкарууга катышпастыгы айтылган. Анын тынчтык жолуна түшүп, куралын тапшырып берген мүчөлөрүнө мунапыс берилери белгиленген. Муну менен катар эле Израиль Газаны аннексия кылып же басып албашы керектиги көрсөтүлгөн.
Ynet порталынын маалыматына таянсак, ЦАХАЛ биринчи этапта анклавдын 53 пайызына көзөмөл кыла турат жана Газадан аскерлерин алып чыгып кетет.