Өлүм жазасын кайтаруу: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өлүм жазасын кайтаруу боюнча Конституцияга өзгөртүү коомдук талкууга бүгүн, 13-октябрда чыгарылды. Сунуш ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун коомдук талкуусунун бирдиктүү порталына жайгаштырылды.
Президенттин администрациясы Баш мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн.
Долбоор 28-октябрга чейин талкууланып, 4-ноябрда каралаары белгиленген.
Тагыраагы, алымча-кошумча, пикирлерди билдирүүгө 15 күн каралган.
Муну менен катар Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартууну караган эл аралык милдеттенмеден чыга турганын дагы БУУга кабарлаган мыйзам долбоорун сунуштады.
Жакында эле окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтарууну сунуштаган.
Жүрөк үшүткөн сандарга таянсак, 2021-жылдан бери өлтүрүлгөн, зордукталган аялдардын, балдардын саны 178ге жеткен.
Жапаров эмне үчүн өлүм жазасын киргизүү керектигин түшүндүрдү