БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өзгөчө шаан-шөкөт менен президенттин карындашынын колун сурап, кийин камакка алынган Автандил Сабырбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен бошотулду.
Ал "Курал жана ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми бир тууганы Тариэл Сабырбеков "Прокурордун, тергөөчүнүн же тергөө органынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилген.
"Бир туугандар 2024-жылдын июлунан тартып соттун өкүмү чыкканга чейин тергөө абагында болгондуктан камактагы бир күнү эки күнгө эсептелип, жазасын толук өтөгөн болуп саналды. Экөө тең сот залынан дароо эле бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары, сот эки бир тууганды тең "Баңгизатты, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу үчүн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча актаган өкүм чыгарган.
Эске салсак, Автандил Сабырбеков президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сурагандан кийин баңгизат жасап сатууга шектелип, бир тууганы Тариэл менен чогуу кармалган. Кийин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Сабырбеков "крыша" издеп Лазат Нуркожоеванын колун сураган деген тейде билдирүү тараткан. Бул окуялардан кийин өлкө башчысы да үн катып, "Кабар" агенттигине курган маегинде инисинин кызы үчүн кечирим сураган.