Египет, АКШ, Катар жана Түркия Газа боюнча тынчтык келишимге кол коюшту

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Шарм-эш-Шейх шаарындагы саммитте Египет, АКШ, Катар жана Түркия Газа сектору боюнча тынчтык келишимине кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШнын президенти Дональд Трамп документке кол коюп жатып, келишимди "үч миң жылдык тарыхый жолдун натыйжасы" деп, анын узак мөөнөткө сакталарына ишенерин билдирди.
“Бул тарыхый келишим менен миллиондогон адамдардын тилектери аткарылды. Биз биргеликте мүмкүн эместей көрүнгөн нерсеге жетиштик. Акыры Жакынкы Чыгышта тынчтык орноду”, — деди Трамп.
Ошондой эле ал бул аябагандай татаал макулдашуу болгонун айтып, үчүнчү дүйнөлүк согуш болбой турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу 10-октябрда токтоду. Кепке келгендер бүгүн туткундарды алмашышты.
Сентябрда Ак үй 20 пунктудан турган план жарыялаган. Документте ХАМАСтын анклавды башкарууга катышпастыгы айтылган. Анын тынчтык жолуна түшүп, куралын тапшырып берген мүчөлөрүнө мунапыс берилери белгиленген. Муну менен катар эле Израиль Газаны аннексия кылып же басып албашы керектиги көрсөтүлгөн. ЦАХАЛ биринчи этапта анклавдын 53 пайызына көзөмөл кыла турат жана Газадан аскерлерин алып чыгып кетет.
Трамп Израилге барып, Газа тилкесиндеги чатактын аяктаганын жар салды