БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайларды Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактар билдирди.
Укук коргоо органдарынын билдиришинче, кылмыш болгон үйдөн табылган кызыл кепканын өңү ак болчу. Баш кийим толугу менен канга боёлуп калган.
Андан тышкары, шектүү жаңы конушка 2-октябрь күнү саат 20:00дөр чамасында келгени белгилүү болду. Жабырлануучунун үйүн кокусунан тандап, 3-октябрга караган түндө болжол менен саат 03:30дар чамасында кылмыш жасоо үчүн кирген.
Шектүү эки кишини өлтүргөндөн кийин хостелге келген, ал эми эртең менен Ысык-Көлгө кеткен. Боом капчыгайындагы кафенин жанынан бычакты ыргытып жиберген.
Айыпталуучу кылмыш жасалганга чейин эки жума мурда Чолпон-Атадагы официанттыктан бошоп, Бишкекке келген. Бул убакыт аралыгында ал хостелде жашаган.
Эске салсак, аталган кылмыш иши 3-октябрь күнү болгон. Бул тууралуу маалымат 6-октябрь күнү гана ачыкталган. 7-октябрда кылмышка шектелип 19 жаштагы улан кармалган. 8-октябрда ИИМ шектүүнүн жүргөн жерлеринен жана окуя болгон үйдөн топтолгон видео, сүрөттөрдү тараткан.
Маркумдун келинчеги милицияга окуянын кандай болгонун ыйлап айтып, көрсөтмө берген. Анда маркумдун жубайы үйүнө кирип жакындарын бычактап кеткен уланды милиция көрсөткөн сүрөттөрдөн таанып жатканын айткан.